www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казактардын "Тенгри ньюс" маалымат сайты Казакстандын азыркы  президенти Касым-Жомарт Токаевдин буга чейин белгисиз жаш кезиндеги сүрөттөрүн чыгарып, "мына бул сүрөттө Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанды көрүп таанышып келүү үчүн баратат" - деген маалымат чыгарып, ал маалымат бир топ талкуу болгон. 

Мындан улам Казакстандын азыркы президенти Касым-Жоомарт Токаевдин багына президенттик буюруп, эл башкарып калышына кыргыз элинин касиети, таасири тийгени боюнча ар түрдүү версиялар дагы козголгон. 

Буга Токаевдин ата-тегинин Кыргызстан менен болгон байланышына өтө чоң маани берилген. 

Дегенибиз, 1930-жылдардагы казак элин мөгдөткөн ачарчылык жылдары  Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаевдин үй-бүлөсү да туш болуп, кыргыз жерине келип жан сактап калган.

Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев "Атам жөнүндө бир ооз сөз" аттуу китебинде: "Үй-бүлөлүк кеңеште Фрунзе шаарына (азыркы Бишкек) көчүп барып, оор мезгилден, казак калкын суй жыккан ачарчылыктан аман калыш үчүн ошол жакта жан сактай туруу чечими кабыл алынган. Фрунзеге чейин жол узак жана абдан татаал болгон", - деп жазган. 

Ошондой эле, китебинде Фрунзеде  Кемел Токаевдин атасы, (Касым-Жомарт Токаевдин чоң ата-апасы) апасы кайтыш болуп, карындашы мешке күйүп чарчап калып, агасы Касым эки өспүрүм кароосуз калганын, милиция органдары Кемел жана анын агасы Касымды балдар үйүнө тапшырып, кийинчерээк алар Чымкенттеги мектеп-интернатка которулганын, Кемел Токаев Улуу Ата Мекендик согуш башталган мезгилде экинчи жолу Кыргызстанга келип, Фрунзе шаарындагы пехоталык окуу жайдан окуп, 1942-жылы Сталинград салгылашуусуна кеткенин эскерет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости