www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 20-марттан 26-мартка чейин курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 3 миң 590 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык мезгил башталгандан тарта жалпысынан курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 220 миң 175 учуру катталган.

Белгилей кетсек, КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын эпидемиологиялык өсүү мезгили жыл сайын октябрь-март айларына туура келет.

“Калк арасында күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости