www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуу Британия менен Түндүк Ирландиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Эдил Байсалов вакцина тууралуу пикирин айтты.

--Айт маарек болсун, кымбаттуу жердештер! Арыбаңыздар! Англиядан бир маалымат менен бөлүшөйүн дедим. Бул ковид илдетине вакцинанын пайдасы жана эффективдүүлүгү боюнча. Мына конкреттүү факт жана темирдей далил. Бул графикте кызыл менен Улуу Британиядагы коронавирустан өлгөндөрдүн саны көрсөтүлсө, сары менен болсо ковид канча кишиге жукканы көрсөтүлүп турат.

Эми байкаңыздар, былтыр апрель, май айларында күнүнө миңден киши өлүп атса же болбосо быйыл кышында 1500 киши жугузуп күнүгө өмүрү менен коштошуп атса, азыркы күндөрү элдин көбү вакцинациядан өткөндө өлүм саны канча азайганын. Мисалы, ишемби күнү 17-июлда 41 эле киши каза болуптур. Демек, вакцинация жок эле дегенде 35 жолу азайтыптырда өлүм көрсөткүчүн!

Мына эмесе Илимдин жана Медицинанын жетишкендиги. Ооба, коронанын "дельта" варианты өтө күчтүү экен. Бул жакта дагы вакцина сайдырткандардын бир канчасы баары бир жуктуруп алып жатышат. Бирок, муруңку менен салыштырмалуу оору катуу болбой, көбү госпитализацияга муктаж болушкан жок. Бул факт мен жогоруда айткан өлүм көрсөткүчүнөн эле даана көрүнүп турбайбы! Баса, дагы бир бул жакта коомчулукта катуу талкуланып аткан бир жагдай. Вакцина келе электе коронанын "узун" формасына пандемияда чалдыккандар абдан көп аныкталып атат азыр. Булар тирүү калса дагы, күнүгө башы ооруп, шайы ооп, кадимки эле инвалид болуп калгандар экен. Абдан көп жаштардын арасында, эмнегедир. Бул илдеттин "узун" формасына чалдыккандар кадимкидей вакцина сайдыртканда өзүнө келип, "хроникалык ковидден" кутулуп атышканын англиялык журналдар жазып чыкты. Ошондуктан, туугандар, баарыбыз вакцина алалы. Сактанганды сактайт! Ден соолукта бололу, - дейт Лондондогу элчи Эдил Байсалов.

Эске сала кетсек, коомдук ишмер Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британия менен Түндүк Ирландиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси.  

Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 12-июнда түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости