www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 30-мартында Италия Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинде Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Омуралиев Италия Республикасынын Дипломатиялык протоколунун башчысы, Ыйгарым укуктуу министр Бруно А.Паскуиного ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.
Жолугушууда элчи Э.Өмүралиев салттуу достук кыргыз-италиялык мамилелерди андан ары чыңдоо жана эки тараптуу кызматташтыкты конкреттүү практикалык мазмун менен байытуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин ырастады.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин азыркы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, саясий диалогдун өнүгүп жаткан динамикасын жана артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө өз ара кызыкчылыкты белгилешти. Ошондой эле, алар ар тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде Кыргызстан менен Италиянын лидерлеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жетишилген келишимдердин алкагында андан ары бекемдөөгө болгон милдеттенмелерин тастыкташты.
Өз кезегинде, Бруно А.Паскуино эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин белгилеп, Италия Республикасы Кыргызстан менен кызматташууга чоң маани берерин билдирди. Ал Элчиге жогорку кызматында ийгиликтерди каалап, Италиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-италиялык кызматташтыгын өнүктүрүүдө толук колдоо көрсөтөөрүнө ишендирди.