www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Италиядагы элчиси Эрмек Өмүралиев Сардиния аймагына иш сапары менен барды. ТИМден билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө элчи Кальяри шаарынын мэри Массимо Дзедда, Сардиниянын префекти Паола Десси жана аймактык өкмөттүн аткаруучу катчысы Клаудио Кугуси менен жолукту.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, туризм, айыл чарба, инвестиция жана маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташтыктын потенциалын талкуулашты.
Элчи ошондой эле Сардиниянын полиция башчысы Розанна Лавеццаро менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү, кыргыз жарандарынын аймакта болуу шарттары жана алардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу чаралары талкууланды.
Иш сапардын аягында Сардиния аймагында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда консулдук кызматтарга, кыргыз жарандарынын Италияда болуусуна байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды.