www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медер Алиев өзү тууралуу жалган маалымат тарап жатканын билдирди.
"Фейсбукка бир макала чыгыптыр, Медер Алиев күзүндө президенттик шайлоого катышат деген. Урматтуу туугандар, так айтып коеюн, менин андай оюм жок, болгон да эмес. Президенттик бул оюнчук эмес, ар ким эртең менен тура калып эле катыша бере турган", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Атың чыкпаса жер өрттө болуп, Алиевдин минтип өзүн аябай маанилүү, таасирдүү саясатчы катары көрсөткүсү келген жоругуна күлкүң келет экен.
Чынында Алиевди президент катары көргүсү келип, чуу көтөрүп жаткан эч ким деле жок. Анан өзүн-өзү жок жерден пиарлап, каадалуу, олуттуу түрдө билдирүү жасап жатканы кызык. Кичине арыдан-бери болгон жакшы го, асмандан түшпөй...
Балким, мындай билдирүүсү аркылуу ичинде кайнап, такты эңсеген өксүгүн, тымызын жок шылтоону айтып ачыктап койгусу келдиби?