www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Кыргызстан менен ар кандай форматта кызматташууга даяр. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.

Удовиченконун айтымында, Россия баардык тармактарда, биринчи кезекте экономикалык өз ара аракеттенүү жаатында кызматташууну динамикалуу улантуу үчүн диалог курууга даяр.

"Айың кептерге ишенбей фактыларга таяналы. Кечээ Жапаров Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Москвада жолугушууларды өткөрүүдө. Бул жагдайлар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамиле начарлады деген сөздөрдү четке кагат. Кыргызстан мыйзамдын чегинде туруктуу өнүгүү жолуна түштү деп эсептейбиз. Биз ар кандай форматтагы кызматташууга даярбыз", - деди элчи.

Эске салсак, бүгүн, 13-ноябрда, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, ошондой эле Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен жолугушту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости