www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тоолуу Карабахтын Карвачар (Келбажар) шаарынын тургундары айрым Карабах аймактарын Азербайжанга өткөрүп берүү жөнүндө кабар жарыялангандан кийин үйлөрүн өрттөй башташты.
Карвачардын жашоочулары шаардан кетердин алдында үйүнөн шаймандарын, эмеректерин жана жаныбарларын алып кетишет, бирок, жашаган үйүн өзү менен кошо көчүрүп кете албаган адамдар Азербайжанга болгон ачуусун үйүн өрттөө жолу менен чыгарып жатышат. Карабахтын түндүк жолунда унаалар тыгыны пайда болгон, алардын арасында кичи автобустар жана жүк ташуучу унаалар көп.
Теле алып баруучу Ольга Скабеева өзүнүн Telegram каналына өрттөнүп жаткан үйдү чагылдырган видео жарыялады. Ал өзүнүн мүлкүн Азербайжанга өткөрүп бербөө үчүн адамдар өрттөп жиберишет деп жазган.
Булак: NazarNews.kg