www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Германиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев кыларга иши жок, саларга кушу жок зеригип жатканбы, айтор “көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” болуп, жыландын башын кылтыйткан интригадан обон созду. 

Дүйнөдө жалгыз өзү акылдуу калгандарынын баары түркөй сыяктуу элестетип көнгөнбү, айтор обончу, белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеевдин Германияга барганын саясатташтырып, чымындан пил жасап үлгүрдү. 

Өзүнү  Facebook  баракчасына жазган билдирүүсүндө: 

- Айт арапасында Камчы Ташиев Кыргызстанга келген күнү элчиликте: «Сыймык келе жатат, эртең Варшавага өтүп кетет экен», — деп жарыялап калышты. «Сыймык келсе, жакшы экен, күтөбүз», — деп күтүп отурдум. Ичимден бир ой да кетти:

«Камчы Бишкекке келсе, Сыймык Берлинге келип, андан ары Польшага өтүп кетсе, эл: “булар дагы эмнени баштаганы жатышат?” — деп ойлобойбу?» — деп күмөн санадым. Польшада «цветная революциянын борбору» бар экенин угуп жүргөндүктөн, тынчым ого бетер кетти. Бирок эшик ачылганда, биз күткөн Сыймык эмес, Сыймык Бейшекеев кирип келди. Ошентип, Сыймык Бейшекеев менен биринчи жолу жүз көрүшүп, тааныштык”,  -деп андан ары Сыймык мырзаны мактаган одасын айтат.
Албетте, Сыймык Бейшекеевди мактаган жакшы сөзүндө, одасында маселе жок. Ага Сыймык мырза татыктуу. Кеп Өмүрбек Текебаевдин “ойт берме куйтулугунда” болуп жатат.

Дегенибиз, элчиликтин кызматкерлери “Сыймык келет” десе эле, Текебаев ал кайсы Сыймык деп сурабастан өзү ойлогондой “Сыймык Жапыкеевди элестетип” мурдуң кайсы десе оозун көрсөтүп “аңкоо” болуп чыга келгени кызык. 

Анан ага саясий боёк сүртүп: “Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кеткенде Сыймыктын келишин “булар дагы эмнени баштаганы жатышат?”, - деп ойлоп, чочулап көлөкөсүнөн коркон киши болуп, Кыргызстандагы саясий кырдаалга туюк баа берип, “революцияны оозанып” бөйрөктөн шыйрак чыгарган ниетин жылжытат. Мындай сыйгалакты табуу кыйын. 

Арийне, мунун менен ал Камчыбек Ташиевдин саясий багыттагы жол көрсөтүүчүсү Өмүрбек Текебаев экени туурасында эл арасында айтылып жүргөн сөздөрдү тастыктап койду көрүнөт. 

Бирок Текебаев анын “бээ десе төө” демиш болгон ыкмаларын коом жаттап бүткөнүн, жеке өзү эле акылдуу, калгандар ал ойлогонду, билгенди түшүнбөгөн түркөй эместигин Президенттин басма сөз-катчысы Аскат Алагөзов сылык-сыпаа, маданияттуу түрдө ташка тамга баскандай жакшы жооп кылды. 

Аскат мырза бул тууралуу:  

- Саламатсызбы Өмүрбек Чиркешович! Иштериңиз жакшыбы, демдүү-күчтүү жүрөсүзбү? Өз мезгилиңизде ар кандай окуяларды көрүп жүрүп, өтө саксынып калгансыз го, сыягы. Биринчиден, андай заман азыр артта калды. Кабатырланууга эч негиз жок, ким кайда, эмне максат менен жүргөнүнүн баары белгилүү. Өлкөбүздүн ичинде жана сыртында болуп жаткан окуялардан, жүрүштөрдөн ыкчам кабар алып турган акыбалга жетип калдык. Сиз күмөн санагандай ойлор же аракеттер алдын алынат, жол берилбейт, Кудай буюрса. Андыктан, аркаңызда күчтөнүп калган мамлекетим турат деп эч кабатыр болбой, иштей бериңиз. Чыныгы элдик ырчыларды, чыныгы мекенчил кыргыз жарандарын жакшы маанай менен тосуп алып, өзүңүз кызыгуу менен иликтеп келе жаткан тарых-таржымалыбыздан кеп салып, аксакалдык акыл кебиңизди айтып, саясий интригалардан алыс болууга чакырып, маселеси болсо көмөк көрсөтүп, чет жердеги элчилик кызматыңызды уланта бериңиз. Ишиңизди ийгиликтер коштосун!, - деп жазды.

Бир сөз менен айтканда, “ким кайда эмне менен алек болуп жатканы боюнча толук кабардарбыз, күмөндүү аракеттерге жол берилбейт, интрига кылбай тынч, кысып иштеңиз,” деген ишарат айтылды. 

Түшүнгөн адамга мээсине мык каккандай таамай жооп болду. Көңдөй эле адам түшүнбөй калбаса, Аскаттын жообу кимдин көз карашы экенин көпчүлүк баамдашты. Текебаев деле эсине келгендир. Колтугунда “котур ташы” кытыгылап жанына тынчтык бербей жатса дагы өзүн кармап, карыганда калжаңдап интрига менен алек болбостон, нускалуу болсо “ойт бермесин” токтотуп...

Последние новости