www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги интернет желесинде тараган видео боюнча билдирүү таратып, 86123-аскер бөлүгүндө эч кандай “дедовщина” жана жашыруун көйгөй жок экенин, мындай фактыларга жол бербөө үчүн 100дөн ашык көзөмөл камералары орнотулганын билдирди.
"Бул окуя Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда (86123-аскер бөлүгү) 2025-жылдын башында катталган жана ал белгилүү болоор замат министрликтин ошол кездеги жетекчилиги тарабынан кызматкерлерге мыйзам негизинде жоопкерчилик чаралары көрүлгөн.
Айрым блогерлер Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тартип уставына ылайык колдонулган чаралар тууралуу толук маалыматка ээ болбой туруп, бул маселени кайра көтөрүп чыгууда. ӨКМ мындай аракеттерди коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган, жеке кызыкчылыкты коомдук коопсуздуктан жогору коюу жана чагымчылдык катары баалайт", - деп айтылат билдирүүдө.
Мындан сырткары, жогорку бийликтин колдоосу менен бүгүнкү күндө аскерлер үчүн эл аралык стандартка ылайык заманбап мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн жана ӨКМ мөөнөттөгү жоокерлердин кызмат өтөө шарттары менен таанышууну каалагандар үчүн ар дайым ачык экени айтылды.
"Кандай чаралар көрүлгөнүн так билбегендердин эсине салабыз!
Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик уставына туура келбеген аракеттерди жасоо – мөөнөттөгү жоокерлерге кысым көрсөтүү иштерине коммиссия түзүлүп, кошумча иликтөөлөр жүргүзүлгөн.
Натыйжада өздүк курам менен тиешелүү иш алып барбагандыгы, өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн аскер бөлүктүн командири кызматтан бошотулган, ошондой эле куткаруу тайпасынын командири жана куткаруу тайпасынын улук куткаруучусу аскердик кызматтан запаска бошотулган.
Мындан тышкары, аскердик бөлүктүн башчысынын биринчи орун басары-штаб башчысы, үчүнчү куткаруу кошуундун командири жана бул кошуундун командиринин өздүк курамы менен иштөө боюнча орун басары кызмат орундарынан төмөндөтүлгөн.
Мөөнөттөгү жоокерлер менен иштеген аскер бөлүктүн 16 офицер, прапорщиктерине Куралдуу күчтөрүнүн тартип уставынын 74-беренесинин “б” пунктуна ылайык “катуу сөгүш” тартиптик жазасы жарыяланган.
Кысым көрсөткөн аскер кызматкери КР Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан камакка алынганы маалым.
Ал эми ошол кездеги министр Б.Ажикеевге КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан “катуу сөгүш” берилген", - деп билдирди ӨКМ.