www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Элчинин “Ыйман” фондуна жардам сураганы кандай?”, - деп депутат Жанар Акаев, бүгүн 10-октябрда парламенттин “Ар кыл маселелер” жыйынында өкмөт мүчөлөрүнө собол салды. Айтымында мындай жардам суроо эгемендүүлүккө, улуттук баалуулуктарга шек келтирет. Ал буга чейин түрктөр менен болгон чырды эске салып, анда түрктөрдүн өлкөдөгү элчиси Кыргызстанга мечит салып, акчалай жардам көргөзүп жатканын милдет кылганын белгилейт.

Анткен менен депутаттын суроосуна жооп кылган дин иштер боюнча комиссиянын башчысы бул маалымат, жалпыга кабарлоо булактарынан туура эмес берилип калганын айтып актанганга аракет көрдү. Анын айтымында, жардам көрсөтүү боюнча Түркия биринчи демилге көтөргөн. Элчи мына ошону гана тактап, эскертип койгон.

Эске сала кетсек, кече, 15-октябрдагы Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Түркия мамлекетинин президентинин алдындагы дин иштери боюнча башкармалыктын төрагасы Али Эрбаш менен жолуккан учурда «Ыйман» фондусу үчүн 5 млн. АКШ долларын сураганы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости