www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткалдан коомдук активист Темирбек Исмаилов президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.

Жол көйгөйүн айткан активисттин кайрылуусун төмөндө  толугу менен:

Урматтуу, ардактуу президент, өлкө башчыбыз Жээнбеков Сооронбай Шарипович!

Мындан туура эки жыл мурда, президенттик шайлоонун алдында Чаткал районунун эли менен жолугушууга келгениңизде, жолдору татаал, кышы өтө эле катаал болгон Чаткал районубуз үчүн өң маанилүү көйгөйү жол маселеси экендигин айтканбыз. Эгерде сиз Кудай буйруп президенттикке шайланып калсаңыз, жалпы жолдорубузду асфальттап берүүнү, кышы-жайы каттай ала турган жаңы жол куруп берүүнү жана Кыргызстан эгемендик алгандан бери бул райондон бир дагы адам Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлана электигин, ошондуктан биздин райондон да бир адамды Жогорку Кеңешке өткөрүп берүүңүздү суранганбыз.

Эгерде президенттикке шайланып калсам, сиздердин өтүнүчүңүздөрдү аткарганга аракет кылам деп убада бергенсиз. Чындыкты жашырганыбыз чыныгы акмакчылык болот, ачык айтып, ак сүйлөйлү. Айтылган сөз адамдын күзгүсү демекчи, сиз өз убадаңызга туруп, Чаткалдын жолдорун асфальттатып берип келе жатасыз. Бул аткарып жаткан иштериңизге жалпы Чаткал элинин атынан ыраазычылык билдирип кетем.  

Эми 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңешке шайлоо болушуна карата, биздин райондон да бир депутатты алып чыгууңузду жана Чаткалдан Таласка чейин жайы-кышы каттай ала тургандай жаңы жол куруп берүүңүздү дагы бир ирет өтүнүп кетебиз, деген кайрылуусунда Темирбек Исмаилов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости