www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналат. Алардын эшигин каккылабай, тынч коюуңуздарды өтүнөм. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына ушундай кайрылуу жазды.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Мага жеткен маалыматтар боюнча, кандайдыр бир топ эртең акция уюштуруп, Бишкектин көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, элчиликтердин алдына барабыз деген ниеттерин билдиришиптир. Ар бир ниеттин же кадамдардын чеги болот. Элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналат. Кол тийгис. Дүйнө жүзүндө биздин дагы элчиликтерибиз бар. Алар дагы биздин кол тийгис аянтыбыз. Бирөө-жарым келип, эшигин каккылап, башаламандык кылганга акысы жок. Албетте, биз демократия багытынан кайтпайбыз. Жарандарыбыздын оозун тыйбайбыз. Укугун чектебейбиз. Митингдер сөзсүз болушу керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар, 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңөрдү, пикириңерди айтыңыздар. Эч ким каршы эмес. Бир гана сураныч, элчиликтерди тынч коюңуздарчы", — деп жазылган анда.

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарында район аралык соттордун чечими менен Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча тынч митингдерди, акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул туурасында Шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкан.

 

 

Последние новости