www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чехиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын дипломатиялык кызматкерлерине ачык кат жолдоп, аларды кызматтан кетүүгө жана Украинадагы согушка колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырды. Бул документти министрлик жума күнү Твиттерге жарыялады.
Англис жана орус тилинде жазылган кат Орусиянын Чехиядагы элчилигинин кызматкерлерине гана эмес, орусиялык бардык дипломаттарга багытталган. «Адилетсиз согуштун мизи кайтканда элитанын бул өкүлдөрү согуш кылмыштары үчүн жооптуу болот. Орусия суверендүү коңшусуна алаамат алып келген аракеттери үчүн жоопкерчиликтин кесепетин тартат. Биз сиздерди, дили таза адамдарды, чөгүп бараткан кемени таштап кетүүгө чакырабыз», - деп айтылат билдирүүдө.
Орусия бийлиги жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрү мындай ачык катка жооп бере элек.
Бул аптанын башында Евробиримдиктин Чехия сыяктуу бир нече өлкөсү тыңчылык кылган деп шектелген бир катар орус дипломаттарын өз аймагынан чыгарууну чечкен. Бул мамлекеттердеги орус элчиликтери «достукка жатпаган» мындай кадамдарга жооп кайтарыла турганын эскертен.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg