www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Казакстан соода жүгүртүүдө Россия менен Кытайдан кийинки үчүнчү орунду ээлейт. 2021-жылдын 10 айында Кыргызстан Казакстанга 26,3 миллиард сомго (311,2 миллион доллар) товар экспорттогон.

Товарлардын негизги берүүлөрү баалуу металлдардын рудалары жана концентраттары (9,8 млрд. сом), айнек жана айнек буюмдары (3,7 млрд. сом) жана пластмассадан жасалган буюмдар – капкактар, тыгындар ж.б. (2,2 млрд. сом).

Азык-түлүк товарларынын ичинен Кыргызстан Казакстанга сүт азыктарын, жумуртка, бал жана кондитердик азыктарды эң активдүү экспорттойт. 2021-жылдын январьоктябрь айларында Казакстандан Кыргызстанга товарлардын импорту миллиард сом болду.

Трикотаж же токулган кездемелер, пластмассалар жана андан жасалган буюмдар, алкоголдук жана алкоголсуз суусундуктар, тамеки жана өсүмдүк майлары, ар кандай тамак-аш азыктары, жегенге жарамдуу жемиштер жана жаңгактар ж.б. толгон токой нерселер импорттолот.

- Казакстандагы окуядан кийин тамак-ашка баа дагы көтөрүлбөйбү? Бизнеске, эркин соода-саттыкка таасири тийбейби? Мындан аркы эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыш, абал башка нукка бурулбайбы?

- Тамак-аш баасы боюнча эң негизгиси чек арада жүктөр өтүп турса болду. Бизге жүктүн жарымынан көбү Казакстан аркылуу келет. Россия тараптан, Казакстандын өзүнөн. Европа, Түркиядан келген жүктөр дагы Казакстан аркылуу келет. Бирок мен байкагандан, жүктөр үзгүлтүксүз өтүп эле жатат.

Андай корко турган маселе жок. Экономикалык абал көп деле жаман жагына өзгөрбөшү зарыл. Алар өз продукцияларын бизге экспорттоп сатышы керек. Биз дагы өз продукцияларыбызды сатышыбыз шарт. Экономикалык акыбал мурдагыдай эле абалда.

- Ал жактагы кыргыз ишкерлерине терс таасир күтүлбөйбү?

- Ишкерлерге эмес жалпы жарандарыбызга тийген зыяндарды көрүп жатабыз. Биздин бийлик тараптан дагы жакшы аракеттер көрүлсө, баары оңунан чыгат (!) деген ишеничтемин.

Булак: Азия News гезити

Последние новости