www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев 2-январда Алматынын жанындагы туулуп-өскөн Шамалган айылына аман-эсен келип, 3-январда да ошол жерде болгон. Андан соң чопкутталган унаа менен Кыргызстанга жөнөп, ал жерден Бириккен Араб Эмираттарына учуп кеткен. Бул тууралуу «Московский комсомолец» гезитине Назарбаевдин айылдаштары билдирген.

Нурсултан Назарбаев Алматыдан бир сааттык жолдогу Шамалган айылынан болот. Бирок жергиликтүү таксисттердин көбү ал жакка барууга тобокел кылышпайт.

Алар коркуп жатканын моюнга алат. Айылды ар тараптан күч кызматкерлери кайтарып, мындай учурда эскертүүсүз ок атаарын айтууда. Алматынын тургундары айдоочулардын кооптонуусун тастыкташты: «Ал жерде Назарбаевдин жакындары жашайт, алардын үйлөрү өзгөчө көзөмөлгө алынган. Сүрөткө тартмак турсун, жакындай албайсың».

Ал эми туңгуч президенттин үй-бүлөлүк мүрзөсү, казакстандыктардын айтуусу боюнча, мурдагы президенттин резиденциясы сыяктуу, бөтөн көздөрдөн да корголгон. «Ал жерде күнү-түнү куралданган күзөт кызматы бар», - деп эскертишти алар басылмага.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости