www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Тажикстан менен мурда кандай көлөмдө соода алакабыз бар эле? Кайсы өлкө көбүрөөк жабыр тартат?

- Эгер соода алакабызга көз чаптырсак, бизде 2019-жылы 67 млн. долларга соода болуптур. Ал эми 2020-жылы пандемия таасирине байланыштуу 37 млн. доллар соода жүгүртүлгөн. Анын ичинен 28 млн. доллары экспорт, 8 млн. доллардан ашыгы импорт экен. Биз эмне сатабыз?

Көбүнчө аларга саткан товарларыбыз: картошка, сүт, сүттөн жасалган азыктар, айнек, анан албетте, эң көп сатылганы бензин. Бензин, солярка, нефть. Алардан алган товарлар көбүнчө мөмө жемиш, жер-жемиштер.

Бул официалдуу цифралар. «2018-жылдары биз аларга 10-15 млн. долларга бензин саттык» деп айтсак, алар бизге 30-50 млн. долларга импорт кылышчу. Бул жерде бензиндин чоң контрабандасы бар.

Анан Тажикстанда бышкан көп жер-жемиштер «Кыргызстандан чыкты» деп Кыргызстандын базарына жана Евразес алкагына тарайт. Ошолордон алып, анан андан ары кетет да. Албетте, бул жерде наркотрафик чоң ролду ойнойт.

- Экономикага терс таасири кандай болчудай?

- Официалдуу соода бизге көп деле таасир этпейт. Бул чоң деле цифра эмес. Бензинди алып саткандан азыраак эле чөйрө, мисалы, контрабандисттер, мафия, бандитизм эле байыйт. Худжанд, Согдий облустары жакта жалпысынан 3 миллионго чейин эл жашайт. 500 миңдей эл жашаган Баткен облусу ошолор менен ачык соода алака кылса, биздин экономикага да жакшы таасир этмек.

Бирок чек ара маселеси чечилмейинче ачык соода жүргүзүү албетте кыйын. Ошон үчүн биринчиден чек ара маселесин чечип, анан сооданы ойлош керек. Азыркы учурда чек ара маселеси чечилбегендиктен, эң негизги пайданы контрабандисттер, бандиттер жана мафия көрүп жатат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости