www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы макулдашуулар боюнча ар кандай ушак-айыңдар чыгууда. Макулдашуулар боюнча маалымат жеткиликтүү жана түшүнүктүү, коомго ачык болушу керек, деп билдирди бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин комитеттеринин кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт боюнча чечимдери бар.
«Бизде президенттик башкаруу болгонуна карабастан, жарандар парламент аркылуу эмне болуп жатканын жана өкмөт кандай чара көрүп жатканы тууралуу маалымат алышат», - деди депутат.
Ал учурда маалыматтар ар кайсы каналдар аркылуу тарап жатканын, анын ичинде фейк жана такталбаган каналдар бар экенин белгиледи.
«Бул дүрбөлөң жаратып, ар кандай ойлорду жаратууда. Парламент буга чекит коюшу керек. Биз маалыматты угуп гана койбостон, чечим кабыл алуубуз зарыл. Жарандар каза болду. Жаңжалды алдын алуу үчүн эмне жасалган жана эмне жасалган эмес? Азыр ЖМКда макулдашуулар боюнча ар кандай ушактар айтылууда», - деди Никитенко.
Булак: NazarNews.kg