www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Эльдар мырза, акыркы шайлоо кандай пикир жаратты?

-- Жалпысынан, бул жаңы шайлоо системасы катары бааланды. Бирок биринчи жолу болгону үчүн бир топ нерсени эл түшүнбөй калды. Адашып шайлашты. Менин баалоом боюнча, алар 10-20%га чейин барды. Андан тышкары, эки жылда алты-жети шайлоо болуп, эл шайлоодон чарчап кетти. Көбү келбей да койду.

Бирок миңден ашык адам катышкан үчүн ар биринин тааныш, туугандары бир топ таасир жаратты. Акча да роль ойноду. Бийлик ачык кийлигишкен жок. Бирок, жогору жактан кээ бир кандидаттарга айтылган сөздөр дагы шайлоо учурунда бир аз туура эмес кабылданды.

Кандайдыр бир басмырлоо сыяктуу болуп калды. Электрондук системасы боюнча өзүң күбө болбогондон кийин бир нерсе айтуу кыйын. Жалпысынан, пропорция жагынан добуштар туура эле келип жатты. Калкына жараша депутаттар болот экен.

Эл билимдүү, акыл-эстүү болсо, ошого жараша бийлик келет. Ошондой адамдарды шайлап алышат. Популисттердин сөзүнө алдана берген шайлоочулар болсо, анда популисттер келет. Кайдыгер эл болсо, кайдыгер бийлик келет. Бул элге жараша экенин баамдадым.

-- Алдыда кандай план, максаттар бар?

-- Экономика тармагын буттан тургузуу үчүн колдон келген аракетибизди кыла беребиз. “Он жылда 1 млн. жумуш орун” деген программа жарыялагам. Аталган программаны ишке ашыруу жолдорун изденип, ошонун үстүнөн аракеттер улана берет.

-- Жаңы кабыл алынып жаткан салык мыйзамдары канааттандырабы? Кандай оң-терс жактары бар?

-- Жаңы салык мыйзамдары боюнча эч кандай өзгөртүүлөрдүн кереги жок болчу. Салыктардын көлөмүн өйдө көтөрүп, ылдый түшүрүү кажетсиз. Бизнес туруктуулукту, тынчтыкты жактырат. Салыктын көлөмдөрү менен иштебей эле коюш керек.

Салык боюнча коррупцияга жол бербей, туура чогулта турган ыкмаларды издеп, ошонун үстүнөн машакаттануу шарт. Санариптештирүүгө, коррупцияны жоюуга аракеттенген оң. Бүгүнкү күндө массалык түрдө рейддер жүрүп жатат.

Рейддин көбү кайра эле коррупция менен бүтүүдө. Кыскасы, инвестициялык чөйрөгө, инвестициялык климатка бир топ эле негативдүү таасирлер болууда. Аэропортто күч органдарынын катышуусу менен келген ишкерди кармап алып, башына тапанча такаган ж.б. иштер өтө жаман көрүнүш.

Сырттан муну көргөн инвестор басып келбейт. Иштеп жаткандар качканга аракет кыла баштайт. Бийлик кыска мөөнөттө чара көрүп, өзүнүн позициясын билдириши керек болчу. Дагы бир нерсени эске алышыбыз керек. Бүгүнкү парламенттин милдеттери өтө төмөн. Себеби, азыр суперпрезиденттик өлкөбүз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости