www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжанда камактагы оппозициячыл саясатчы Салех Рустамли 41 күндөн бери кармап жаткан ачкачылыгын токтотту. Рустамли 2018-жылы камалып, жети жылга кесилген.

Сот аны арам акчаны адалдаштырып, "Азербайжан элдик фронту" оппозициячыл партиясынын эсебине 420 миң доллар которгон деп күнөөлөгөн. Рустамли айыптардын баардыгын четке кагып, мунун саясий мүдөсү бар экенин айтып келет.

Ноябрь айынын башында Рустамли түрмөдөн бошотууну талап кылып ачкачылык жарыялаган. Анын адвокаты Бахруз Байромов "Азаттыктын" азери кызматына билдиргендей, саясатчы дарыгердин жана карындашынын суранычы боюнча ачкачылык кармоону токтотту.

Рустамлинин дарыгери дагы маалыматты ырастап, саясатчы комада деген имиштерди четке какты.

Укук коргоо уюмдары Рустамлини саясий туткун деп таанышкан. Ушул айда эле полиция Рустамлини бошотууну талап кылып чыккан эки демонстрациянын катышуучуларын күч менен таркаткан. Айрым демонстранттар коронавирус чектөөлөрүн бузду деген кине менен отуз күнгө камалып, башкалары айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости