www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратуранын жана "Бишкек машина куруучу заводу" мамлекеттик ишканасынын кызматкери 460 миң долларга мыйзамсыз жер саткан деп кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, УКМК менен Башкы прокуратуранын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан коррупция (Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү) фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан "Бишкек машина куруучу завод" ААКка таандык 62 гектар жер тилкеси мыйзамсыз сатылганы аныкталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө коррупциялык схеманы уюштурууга Башкы прокуратуранын, Сокулук районунун мамлекеттик каттоо кызматы жана ишкананын кызмат адамдарынын түздөн-түз катыштыгы бар болуп чыкты.

Буга байланыштуу 13-декабрда УКМК тарабынан Башкы прокуратуранын кызматкери Ч.Н., "Бишкек машина куруучу заводунун" кызматкери С.М. жана Э.Б., Ж.А. аттуу эки жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган.

"Иштин материалдарында такталгандай, кылмышты уюштурган Ч.Н. аттуу прокурордун схемасы боюнча бул жер тилкеси Э.Б. аттуу жаранга 460 миң долларга сатылып кеткен. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө, ыкчам-издөө иштери уланууда", — деп айтылат маалыматта.

"Бишкек машина куруучу заводу" ААК мурдагы Ленин атындагы заводдун өнөр жай продукциясын өндүрүү жана сатуу менен алектенген укук мураскери болуп саналат. Ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости