www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Электромобилдерди кайсы өлкөдөн алып келип жатасыздар жана баалары кандай?

- Биздин компания бир жылдан бери Кыргызстанга электромобилдерди ташып жатабыз. Ал үчүн долбоор жазып, өкмөткө сунуштап, ошонун алкагында 1-2 партия машина алып келгенге жетиштик. Унааларды Кытайдан алып келебиз, ушундай машиналарды чыгарган компаниянын Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачып, ошол «Скай» ишканасынын машиналарын сатуудабыз. Өкүлчүлүк ачканда унааларды Кытайдагы заводдон түз, жаңы кезинде алып келебиз.

- Бир рейсте канча машина келет?

- Бир сапарда 8 же 16 унаа келет. Албетте, баасы боюнча жөнөкөй унаалардан айырмачылык бар. Модификациясына жараша 15 миңден 40 миң долларга чейин турат. 2-партияда кроссоверлерди алып келгенбиз, 32 миң доллардан 39 миңге чейин сатылды. Баалары машинанын комплектациясына жараша коюлат.

- Бул машиналарды токко сайып кубаттагандан кийин канчага жетет?

- Азыркы келген машиналардын кубаттуулугу 520 км деп айтылат. Эгерде баардык талаптарга жооп берген, жогорку сапаттагы жолдо айдасак, 300-400 чакырымга чейин жетет. Машинанын өзүндө 2 түрдүү заряддагычы бар. Биринчиси жайыраак (слабый) заряддайт, мында каалаган жерге каалаган точкага сайып заряддай берсе болот. Аны менен унааны сегиз саатта 25-30 пайыз кубаттай аласыз. Экинчи кубаттоочусу 7 кВт түзөт. Аны гараждарга орнотуп койсо болот, ал 8 сааттын ичинде 100 пайыз заряддап бүтөт.

Шаарга да тез заряддоо станцияларды курууну пландап жатабыз, азырынча сунушубузду өкмөт, мэрияга жибергенбиз, жооп боло элек. Эгер алар курулуп калса, айдоочу ыңгайлуу жерден машинасын жарым сааттын ичинде толугу менен кубаттап алса болот.

- Бул унаалардын өзгөчөлүгү, кадимки биз айдап жүргөн машиналардан айырмасы эмнеде?

- Электромобилдердин пайдасы аябай көп. Биринчиден, экологияга зыян келтирбейт. Барган сайын биздин экологиябыз бузулуп, шаарыбыз жыл сайын эң кир шаарлардын сап башынан орун алууда. Өзүңүздөр билгендей, абанын булганышынын башкы себептеринин бири автоунаалардын көптүгүндө. Анткени канчалык эски унаа көп болсо, алар ошончолук абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат. Экинчиден, бул экономикалык жактан пайда, бензин кымбаттап жатат.

2 литрлик көлөмдөгү (объем) машина менен салыштыра турган болсок, күйүүчү май менен жүргөн машина бир жылда эң аз дегенде 160 же 180 миң сом чыгаша кылат. Ал эми электромобилге өткөндө бир жылдык чыгымы эң көп дегенде 200 доллар же 16 миң сомду түзөт. Бул жерде 10 эсе айырма бар. Эсептесек, машина өзүнүн баасын 8 жылда актайт. Мындан тышкары, мамлекеттик казынага да салым болот. Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды Россия менен Казакстандан ташыйт, мындайча айтканда, бул боюнча ошол мамлекеттерге көз карандыбыз.

Эгер көпчүлүгүбүз электромобилге өтүп кетсек, күйүүчүмайлоочу майдан анчейин көз каранды болбой, импортко кеткен акча Кыргызстандын капчыгында калмак. Экологияга бир жылда бир машина жок дегенде эле 1000 кг көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Бул экологияны буза турган бирден-бир фактор.

- Кытайда электромобилге өтүү саясаты кандай жүрөт экен?

- Кытайда жыл сайын 1 миллион машина электромобилге алмаштырылат. Булар аябай тездик менен экоунааларга өтүп башташкан. Себеби, бул маселеге мамлекет өзү киришип, электромобиль алган жарандарына 50 пайыз супсидия төлөп берүүдө. Корея 40 пайызга чейин субсидия берет. Европада болсо баардык шарттар түзүлгөн. Биз бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен «төлөп берсин» деп айткандан алыспыз, бирок ылайыктуу шарттарды түзүп берип койсо, электроунаага эл өзү эле өтүп кетмек.

Мамлекет тарабынан бизге унааларды заряддоочу аялдамаларды салууга уруксат жана салык жагынан колдоо керек. Буга чейин электромобилди алып келүүдө чек арада салык алынчу эмес. Жаңы жалдан баштап НДС жана башка ушул сыяктуу салыктарды алуу ишке ашканы турат. Бул шартта машиналар дагы 30 пайызга кымбаттап кетет да, биз электромобилге өтүүнү алдыга жылдыра албай калабыз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости