www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылы эң көп коюлган ысымдар

2021-жылы эркек балдарга Мухаммад, Умар, Али, ал эми кыздарга Салиха, Раяна жана Амина ысымдары көп коюлган.

Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Балдар арасында Мухаммад, Умар, Али, Амир, Билал, Алихан, Алинур, Нурислам, Эмир жана Усман болсо, кыздар арасында Салиха, Амина, Фатима, Айлин, Алия, Хадича, Аруузат, Сафия жана Арууке аттары алдыңкы ондукка кирет.

Буга чейинки эң кеңири тараган Умар жана Раяна ысымдары өз позициясын жоготкон. Бул ысымдар акыркы 5-6 жыл катары менен жаңы төрөлгөн ымыркайлар арасында эң популярдуу ысымдар болуп келген.

“Эркек балалуу болгон 4537 ата-эне ымыркайына Мухаммад деген ысым коюшкан, бул Умардан (4132) 405ке көп. Ал эми Салиха аттуу кыздар Раянадан (2864) 243кө көп”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости