www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мокочо «мончочунун» жубайы Молдобекованы «Альянс» партиясы депутаттыкка алып келди. 2007-жылы Атамбаевдин СДПК фракциясы менен парламентке депутат болуп келген Асанакунов 2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийликке келген соң Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев, Албек Ибраимовдордун «менчик» «саунщигине» айланган.

«Альянс» партиясы менен депутат болгондордун бири Бишкек сауналары жана мончолору үчүн «сойку кыздарды» топтогон сутенерша «Мамочка Гульхан». Гүлкан Молдобекова 2015-жылы канайым Раиса Атамбаеванын колдоосу менен СДПК фракциясынан депутат, кийин комитет жетекчиси болгон. Анын жубайы Мирбек Асанакуновдун каймана ысымы «мончочу», ал Ысык-Көл облусунун мурдагы эки жолку губернатору, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси, профсоюздар Федерациясынын төрагасы, башкысы - эң эле чуулуу жана жоопкерчиликтен качкан ашынган коррупционер, экстра-класстагы аферист жана шылуун.

Эл ичинде Мирбек Асанакунов «саунщик»деген каймана аты менен белгилүү. Анын бүтүндөй «элге каршы» турпатында кандай мамиледе болбосун, түз жүрбөгөндүгүн көрсөтүп турган энди басып коюуга дагы укумдай дагы жер калбай калган. Кайсы жакта иштебесин, мыйзамды сактабай, ызы-чуунун үстүндө жүрөт, болбосо, Атамбаевдин эркеси, Раиса Атамбаеванын жакын курбусунун күйөөсү ар бир жасаган кылыктары үчүн эбак эле түрмөгө камалып, жазасын өтөшү керек болчу.

2010-2013-жылдары Ысык-Көл облусунун губернатору болуп эки жолу дайындалуу менен ал «Кумтөр» кенинен аймактын социалдык керектөөлөрүнө жумшалчу төлөмдөрдөн түшкөн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан максатсыз пайдалануунун эсебинен эсепсиз байыган.

Мирбек Асанакунов өзү үчүн натыйжалуу, бирок, эң жөнөкөй схеманы ойлоп тапкан. Финансылык кандай которуулар болбосун, социалдык маселелерди чечүү үчүн откат түрүндө чегерүүлөрдүн көп бөлүгүн алып турган. Үч жыл ичинде мыйзамсыз алынган суммалар ондогон миллион сом түзгөн. Анын жоруктары жөнүндө көзөмөлдөөчү органдар дагы маалым болгон. 2014-жылы Ысык-Көл облустук прокуратурасы кезектеги жолу Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондуна жана губернатор Мирбек Асанакуновго каршы кылмыш ишин козгогон. Бул - «коррупция», «карамагындагы мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо» жана «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» фактылары боюнча кылмыш иштери.

Бирок дал эле «Атамбаевдин өзүнөн телефон чалуу» болгондуктан, эргул алардын ишин чымын чакканчалык да көргөн эмес. Атамбаевдин сүймөнчүгү суудан кургак чыккан. Бирок тез эле кызматынан бошотушту, анткен менен, дээрлик эртеси эле «Бишкек» СЭЗдин жетекчиси кылып дайындашат. Ошондой болсо дагы, ЖМК аркылуу эл Асанакуновдун кылмыш иштери жөнүндө кабардар болушту.

Эсеп палатасынын справкасы камтылып, облуста куруу пландаштырылган бир дагы бала бакча, мектеп, оорукана же башка социалдык объектилер курулбагандыгы чагылдырылган. Фонддун элдин муктаждыгына деп бөлүнгөн акчалары асманга чачылган жана эгерде кылмыш иштеринин материалдарына жана ЖМКда жазылган маалыматтарга ишенсек, бул каражаттар каяккадыр жок болуп кеткен, болбосо, Асанакунов өз чөнтөгүнө жымырып алган десек болот жана Атамбаевге таянуу менен өзүнүн жоопкерчиликке тартылбасына ишенип, ал өз аракеттерин жашырган эмес.

Мамлекеттен баш-аягы жок уурдагандыгына кыска мөөнөттүн ичинде көп сандаган мончолорду, сауналарды, квартираларды сатып алгандыгы, престиждүү мейманкана кургандыгы, курулуш компаниясын жана башка жүздөгөн миллион сомду чапчыган бизнес структураларын түзгөндүгү - факт десек аша чаппайбыз.  Айына 25-30 миң сомдук маяна алган губернатордун ошол убакта көп сандаган менчиги кайдан-жайдан пайда болду?

Анын аялы, ошол  кезде ЖК депутаты Молдобекова Гүлкан ошончо акча тапса дагы дейли. Белгилей кетчү нерсе, ал убакта Бишкек сауналары жана мончолору үчүн «сойку кыздарды» топтогон «Мамочка Гульхан» катары белгилүү боло элек эле. ЖМКдагы көптөгөн макалалардан улам белгилүү болгондой, ал анын ошол кезде жаңыдан гана андай карьерасын баштап жаткан. «Чимкирик» парламентте СДПК фракциясынан депутат жана парламенттин комитеттеринин бирин жетектеп келди.

Албетте, бул ийгиликке жетүүгө эмгек сиңирди. Айрыкча, ал үчүн өзү «керектүү адамдарга» узатып турган «кыздары» эмгек сиңиришти, эң башкысы, ал экс-биринчи леди Раиса Атамбаеванын курбусу болгон. Айтмакчы, ЖМКдагы макалаларга таянсак, бул эки айымды бир убакта «Бишкек балдар үйү» аркылуу балдарды соодалоо иши бириктирген, бул кылмыш иши 5 жылдан ашуун убакыттан бери созулуп, аягына чыкпай келе жатат. Албетте, бул башка өңүттөгү тема.

Ысык-Көл облусунун фонду өкмөттүн токтому менен 1997-жылы түзүлгөн. Ал «Кумтөр» ишканасынын кирешесинен түшкөн бир пайыздын эсебинен уюшулган жана облустун социалдык өнүгүшүнө багытталган. Тактап айтканда, Фонд  жыл сайын социалдык программалар үчүн жүздөгөн миллион сом менен толукталган. Антсе дагы, таза эмес жетекчи максатка багытталган каражаттарды өзүм билемдик менен оңду-салды каалагандай калчаган.

Мисалы, Эсеп палатасынын басма каражаттарында жарыялоосу боюнча, көзөмөлсүз акчалар агылган, Асанакуновдун үй-бүлөсү көзөмөлдөгөн «Иссык-Куль» микрокредиттик агенттигине мыйзамсыз акча которууларды токтотуу жана Жети-Өгүз районундагы капиталдык курулуш бөлүмүн таркатуу жөнүндө бир нече курдай көрсөтмө берген. Буга карабастан, көрсөтүлгөн бузуулар жөнгө салынган эмес жана үч жылдын ичинде микрокредиттик агенттикке 40,8 миллион сом «адашып» кирип кеткен.

Уурулук аныкталгандан кийин Фонддун жана губернатор Асанакуновдун ишмердүүлүгүнө кошумча текшерүү жүргүзүлүп, 2010-жылдан 2012-жылга чейин «Кумтөрдөн» Фонддун эсебине 962 млн 118 миң 700 сом каражат түшкөнү белгилүү болгон. Булардын ичинен 2011-жылы кенден Фондго 463 млн 904 миң 500 сом которулган. Расмий органдар жана Эсеп палатасы аркылуу гана бир жыл ичинде Асанакуновдун 12 млн 110 миң 380 сом акча каражатын мыйзамсыз пайдаланганы аныкталган. Жана мунун баары эки күндүн ичинде гана аныкталган үстүртөн алынган  маалыматтар.

Текшерүүнүн экинчи күнү бүтүп калганда Ак үйдүн 7-кабатынан чалынган телефон текшерүүчүлөрдү Асанакунов ээлеген апартаментти таштап кетүүгө мажбур кылды. Ким телефон чалды, биз кимбиз, териштирген да жок. Коңгуроо президенттин линиясынан кагылгандыгына бардыгы ишеништи жана телефонду мамлекет башчысынын кабинетин тазалаган пол жуугуч какты деп шектенүү күлкү келтирээрлик болмок. Антсе дагы, Эсеп палатасынан: «Эгерде тереңирээк казганга мүмкүнчүлүк берилсе, Асанакунов короткон андан дагы ири суммадагы каражаттар табылмак» деп билдиришти. Бирок, тилекке каршы, окурман анын коррупциялык жана аялынын коомчулукка каршы, антиморалдык мыйзамсыз кылмыш иштеринин артында кимдин кулагы чыгып атканын көрүп турушат.

Асанакунов мырза менен анын аялы – алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча төрайымы, СДПК фракциясынын мүчөсү, жетинчи чакырылыштагы парламентке «Альянс» партиясынан депутат болгон Г.С.Молдобекова баюунун булагын кайдан тапкандыгын жана алеки заматта байманасы ашып-ташыганын аңдоо эч кандай деле кыйынчылык жаратпаса керек.

Ооба, жообу ачык-айкын: бюджеттик каражаттарды калчоонун эсебинен жана ысык-көлдүктөрдүн жашоо байгерчилигин төмөндөтүүдөн уурдалган акчага облустун аймагына социалдык-маданий багыттагы канчалаган объектилерди курса болмок жана Атамбаев менен Раисанын, тагыраагы, Атамбаевдин аялынын бийликтен кетишинен кийин бул суроону ысык-көлдүктөр кайрадан көтөрүп чыккан. Бул тууралуу дагы айтып берээрбиз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости