www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу боюнча Жол картасындагы иш-чараларды каржылоо максатында, Казакстан тарабынан 100 млн доллар көлөмүндө техникалык көмөк көрсөтүү каралган. Ал бажы инфратүзүмдөрүн обьекттерин жабдууга жана техникалык жабуулоого, сыноо лабораторияларын модернизациялоого жана башка маанилүү иш-чараларга багытталат.

Мындан тышкары, Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол менен мурда 7 млн 526 миӊ долларга кол коюлган сметанын өлчөмү 41 млн 38 миӊ долларга чейин көбөйтүлдү.

Экономика министрлигинин өкүлү Элдар Абакировдун айтымында, Казакстан адегенде акчалай эмес, жабдуу түрүндө техжардам берүүнү сунуштаган, бирок кийинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстанга акчалай жардам көрсөтүү маселеси чечилди. Казакстандын бул каражатына Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине интеграцияланышы боюнча Жол карта каржыланмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости