www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи май райондук соту 10-апрелде тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековду камакта калтырды.

Маалыматка ылайык, Жакыпбеков №21 тергөө абагында 15-июнга чейин кармалат.

Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча шектелүүдө.

Ал бул кызматка 2025-жылдын 3-декабрында дайындалган. Ага чейин ал УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын жетектеген.

13-февралда Жакыпбеков кызмат ордунан алынган, 14-февралда социалдык тармакта спортчулардын, ишкерлердин, УКМКнын кызматкерлеринин, аткаминерлердин, милиционерлердин жана башка адамдардын сүрөттөрү бар видео тараган. Роликтердин авторлору аларды Жакыпбековго таандык деп аталган «40 чоронун» катарында болгон деп көрсөтүшкөн.

Последние новости