www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды.

Төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди. 

Эскерте кетсек, бүгүн Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги жыйындары өтөт. Алсак, аталган Ассамблеяга Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын парламенттери мүчө.

Жыйынга катышуу үчүн барган делегациянын курамында депутаттар Алишер Козуев, Улукбек Узакбаев жана Азамжан Джалилов бар.

Последние новости