www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда баалардын өсүшү шартында социалдык маанилүү товарларга байланыштуу аз камсыз болгон жарандарды колдоону күчөтүү боюнча чаралар көрүлдү.

Тиешелүү жарлыкка президент 2026-жылдын 16-апрелинде кол койгон.

Документке ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар жана мамлекеттен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган муктаж үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясын төлөөдө өзгөчө шарттар киргизилет.

Жарлыкта 2027-жылдын 1-январына чейин мындай үй-бүлөлөр үчүн мамлекеттик колдоо механизми ишке ашырылары белгиленген. Ал колдонуудагы калк үчүн тариф менен 1 кВт·саат үчүн 50 тыйындык жеңилдетилген тарифтин ортосундагы айырманы компенсациялоону карайт (айына 700 кВт·саатка чейинки керектөө чегинде).

Ошондой эле керектөө лимиттери аныкталган:

жайкы мезгилде (1-апрелден 1-октябрга чейин) – айына 400 кВт·саатка чейин;

кышкы мезгилде (1-октябрдан 1-апрелге чейин) – айына 700 кВт·саатка чейин.

Белгиленгендей, бул жаңы чара мурдагы электр энергиясы боюнча жеңилдиктерди алмаштырып, эң муктаж катмарларды максаттуу колдоого багытталган.

Жарлык расмий жарыялангандан кийин он күн өткөн соң күчүнө кирет.

Последние новости