www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн “Азаттык” аянтында грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынган Асан Жанышовду тосуп алуу аземи салтанаттуу өттү. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Иш-чарага Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, чемпиондун жакындары, машыктыруучулары жана Р. Санатбаев атындагы спорт мектебинин окуучулары катышты.

Мэр өз сөзүндө Асан Жанышовду ири жеңиши менен куттуктап, анын бул ийгилиги Манас шаары үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Ошондой эле жаш спортчунун мээнети, тартиби жана туруктуулугу ар бир жашка үлгү болоорун айтып, мындан ары да эл аралык ареналарда Кыргызстандын намысын бийик көтөрө берүүсүнө тилектештигин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик тарабынан чемпион Асан Жанышовго 200 миң сом, ал эми анын машыктыруучусуна 60 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктын сертификаттары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 6–12-апрель күндөрү Бишкек шаарында спорттук күрөш түрлөрү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты өткөрүлдү. Континенталдык мелдешке Азиянын 28 өлкөсүнөн 350гө жакын спортчу катышты. Бул мелдеште Асан Жанышов 87 кг салмак категориясында мыкты жыйынтык көрсөтүп, 4 беттеш өткөргөн.

Бул жеңиш Манас шаары үчүн тарыхый жетишкендик болуп саналат. Анткени, буга чейин Раатбек Санатбаев 1999–2000-жылдары 85 кг салмакта эки жолу Азия чемпиону болгон. Андан бери 26 жыл өткөн соң, Асан Жанышов бул ийгиликти кайрадан кайтарып, алтын медалды мекенине алып келди.

 

Последние новости