www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үй алып берүүнү убадалаган “S-LINE» коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Көпчүлүк жарандар бул кооператив тарабынан убадаланган үйгө жетпей,  укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан. Бул туурасында Ош шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, калаа милициясына Ош шаарынын аймагынан  жарандарга үй алып берүүнү убадалап, бирок, аны аткарбастан, алдап жүргөнгө шектүү катары  “S-LINE» коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси 1994-жылы туулган  А.Б. кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүнкү күндө аталган кооперативдин үстүнөн 24 жабыркаган жарандардын арыздары бар. Алар өз арыздарында адегенде атлаган кооперативге кирүү үчүн адегенде 218 миӊ сом акча төлөп, андан соӊ ай сайын ала турган үйүнүн кооператив тарабынан белгиленген сумманы (процентти) төгүп турушкан. Жабырлануучуларга келтирилген сумма бүгүнкү күндө бир нече миллион сомдон ашкан.

Бул кооператив  алдамчылык менен алектенген “Финансылык пирамида” катары иш жүргүзгөнгө шектелип жатат.  Алгачкы тергөө иштери көрсөткөндөй, үй алууга муктаж катары келген жана акча төккөн айрым гана жарандарга үй алып беришип, калган көпчүлүк акчасын төккөн жарандарга үй тийген эмес. “S-LINE” турак жай кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча алганда, азыркы күндө алардын жарандарга койгон шарттары боюнча “турак жай алуучулар алына турган турак жай үчүн жалпы баасынан 50% төлөгөн учурда 2 ай ичинде, 25% төлөгөн учурда 4 ай ичинде калган суммасын турак жай кооперативи тарабыны н төлөнүп, 3 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө насыя берилип, турак жайлуу болушат”, - деп убадалашкан. Бирок, аталган сумманы төккөн жарандардын ала турган үйлөрү кечеӊдеп бир нече айларга созулуп бара жаткандыгына байланыштуу жарандар арыз менен кайрылышкан.

Аталган окуя боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, 210-беренесинде (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

15-март күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан “S-LINE” коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин төрагасы, Бишкек шаарынын тургуну А.Б. тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн тергөөгө камсыз кылынды жана 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тийиштүү тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө бул жана ушул сыяктуу турак-жай кооперативдеринен алданган жарандардын көп экендигин эске алуу менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жабырлануучу жарандардан башкармалыктын тергөө кызматына арыз менен кайрылууну суранат.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен кооперативдин ишмердүүлүгүнө мыйзамга ылайык укуктук баа берилип, кабыл алынган чечимдин жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымдалат.

“S-LINE» кооперативинин жетекчиси Бакыт Алиев кармалды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости