www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттары орусиялык энергияны импорттоого тыюу салгандан кийин «үмүтсүздүккө» түшүп, мунай экспорттоочу өлкөлөрдөн жардам суроого аргасыз болду, деп жазат Кытайдын Global Times гезити. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.

Автор белгилегендей, Сауд Аравиясы жана Бириккен Араб Эмираттарынын лидерлеринин катышуусунда энергияга болгон баанын өсүшүн кармап туруу ниети менен президент Джо Байден видео жолугушууларды уюштурганынан майнап чыккан жок.

«ОПЕК өлкөлөрү АКШ тарабынан колу-буту байланып калгысы келбейт же өндүрүш квоталарын бузуп, кризистин ортосунда Орусияны далыга бычак менен сайгысы келбейт. Айласы кеткен АКШ Иранга жардам сурап кайрылууга аргасыз болду. Алар өзөктүк келишимге кол коюлгандан кийин мунай импорттой башташы мүмкүн», - деп айтылат макалада.

Байкоочу Вашингтондун Николас Мадуро менен санкцияларды жеңилдетүү үчүн америкалык компаниялар Венесуэланын мунай секторуна кайрадан инвестиция салып, өлкөдөгү өндүрүштү көбөйтүүгө жардам бериши үчүн сүйлөшүү аракетин оппортунисттик жана жетилбегендиктин белгиси деп эсептейт. Байден ардагер саясатчы катары АКШ аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышы жана орус-украин чатагы сыяктуу окуяларда толук аңкоолукту жана акылсыздыкты көрсөткөнү таң калыштуу.

Макаланын автору ошондой эле Вашингтондун аракеттерин союздаштарга жана өнөктөштөргө карата жоопкерчиликсиз деп атаган.

Белгилей кетсек, буга чейин Байден Орусиянын энергетикалык импортуна тыюу салганын жарыялаган. Буга чейин вице-премьер-министр Александр Новак орусиялык мунайдан баш тартуу дүйнөлүк рынок үчүн катастрофалык кесепеттерге алып келерин жана баанын бир баррелине 300 долларга же андан да жогору көтөрүлүшүнө алып келерин белгилеген.

Өз кезегинде, ОПЕКтин баш катчысы Мохаммед Баркиндо мунай рыногундагы азыркы кырдаал өлкөлөр дүйнөлүк энергетиканы өздөрүнүн саясий жана башка пикир келишпестиктеринин барымтасына айлантпашы керектигин көрсөтүп турат деген пикирин билдирди.

Эске салсак, Орусия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» экендигин айткан.

Бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.

Орусиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору соккусун улантууда. Президент Украинаны оккупациялоо туурасында кеп болбогондугун айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости