www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча шайланып келген Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна менен “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланып келген Абдалиев Мейкинбек Акимович ант берди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып Кыргыз Республикасына берилгенимди билдирип, Конституцияны жана мыйзамды сактоого ант берем", - деди Сурабалдиева.

Кошумчалай кетсек, Мейкинбек Абдалиев башка кызматка которулган Равшанбек Сабировдун ордуна келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости