www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Улуттук банкы 2022-жылдын 24-мартынан тартып «Вестерн Юнион» банк эсебин ачуусуз акча которуу системасы өз ишин Орусия Федерациясында жана Беларусь Республикасында токтото тургандыгы жөнүндө «БКУ «Вестерн Юнион ДП Восток» жоопкерчилиги чектелген коомунан билдирүү келип түшкөнүн билдирет. 

«БКУ «Вестерн Юнион ДП Восток» ЖЧКнын катына ылайык, Орусия Федерациясынан жана Беларусь Республикасынан «Вестерн Юнион» системасы аркылуу 2022-жылдын 24-мартына чейин жөнөтүлгөн бардык чек ара аркылуу өтүүчү которуулар алуучуларга төлөнүп берилет. 

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынан башка өлкөлөргө (Орусия Федерациясы менен Беларусь Республикасынан тышкары) жана башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына (Орусия Федерациясы менен Беларусь Республикасынан тышкары) бардык акча которуулар кадимки тартипте жүргүзүлөт. 

«БКУ «Вестерн Юнион ДП Восток» ЖЧК маалымдагандай, компания мындан ары да Кыргыз Республикасынын өнөктөштөрү, б.а. коммерциялык банктар, менен түзүлгөн келишимдер боюнча бардык милдеттенмелерин аткарат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости