www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элди мазактаган маршрутканын кожоюндары Ак үйдө олтурат

Маршрутканын «Кожоюндарын» издесең мурдагы «Ак үйдөгүлөрдүн» кулагы чыгат… Бул тууралуу Ырысбек Калыбгулов Facebook баракчасына жазып чыкты.

Эске cала кетсек, 2-июнда, Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттап жатат. Маршрутка айдоочулары мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени азыркыга чейин көтөрбөй жатканына нааразы. Буга чейин да алар иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан.

Ал эми бул маселени карап, чечип бере турган Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-июлга белгиленген. Буга чейинки шайлоо 11-апрелде өтүп, бир нече мыйзам бузуу катталгандыктан анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Ал эми бүгүн, 5-июнда Бишкектин айрым айдоочулары каттамга чыкканы байкалууда. Бирок, каттамга чыккан айдоочуларга карата кесиптештери тарабынан басым көрсөтүлүп жатканы да айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости