www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындай пикирин журналист Күнболот Момоконов социалдык баракчасына жазып чыкты. Анын пикиринде кыргызда биринчи тез жардам ошол элдик дарылоо менен камсыздалат - дейт автор.
Ал андан ары мындай деп жазат:
"Биз өз мамлекетибиздеги пайда бере турган, кирешелүү жана эл саламаттыгына ушул кезде маанилүү болуп турган бирден бир тармак экологиялык жактан таза чөптөрдөн жасалган дары-дармектерди өндүрүүнү өркүндөтүшүбүз керек. Биз медицинанын кошумча бир бөлүгүн ушул багытта өнүктүрүүнү жолго койсок жакшы болмок. Ал турсун медицина тармагынын адистерин даярдоодо кошумча факультеттерди ушул багытта ачуу өтө маанилүү. Коом ар тараптуу өнүккөн сайын, медицина да анын артынан кубалап, улам жаңы баскычтарга чыгууда. Алардын айрым жактарынан арылмак тургай, аларга муктажбыз. Колубуз жетпеген медицинанын айрым жактарын саламаттыгыбыз үчүн кабыл алууга аргасыз болгонубуз менен дары-дармектерди пайдаланууда өзүбүздүн ички потенциалды да конкуренцияга койгонубуз баардык жактан пайдалуу болот. Акча табуу, жумуш орундар менен камсыздоодон да, табияттын таза экологиялык дары-дармектери коомду тазартууга, салматтыктын чыңдалышына, дарыга болгон көз карандылыктан кайсыл бир көлөмдө кутулууга чоң өбөлгө болот. Биз ушул кезде чет элдик фирмалардын кымбат, таасири (дейтствиясы) бат болгон дарыларына чырмалып, аларга көз каранды болуп калдык. Таза айыгып, ага зарылчылык жок болуп калса жакшы, бирок андай болбой сүңгүп сиңип, чөнтөгүндө дарысыз жүрбөгөндөр чанда болуп калды. Дарыга муктаждык-бул жеке адамдын жан бактысы. Жан багуудагы көптүк, зарылдык бул тынымсыз дары-дармектин улам чыгарылышы. Эми азыркы дарылардын бир жеринди жыргатып, бирок бир жеринди жайлай берээрин ким гана түшүнбөйт дейсиз?
Андыктан, ушул кезде Улуттун уңгусун сактап калуунун, таза, дилгир, тунук акылдуу муундун жаралышын коомдун саламаттыгын чыңдоодон башташыбыз керек. Ал үчүн жашоо образын өзгөртүп, тамак-ашты туура ичүүдө, дарыларды туура пайдаланууну жолго салышыбыз керек. Дарыны кантип туура ичет элек, эгер дарынын өзү ооруган ичинди басып, бирок өпкө-бооруңду, бөйрөгүңдү, көрүүндү, кубатыңды кууратып жатса. Албетте, зарылдыкта, чукул келген ооруда аларды пайдаланууну эч ким токтото албайт жана ага ойлонууда керек эмес. Бирок, биз дайыма эле ооруунун өтүшүп кеткен учурунда эмес, аны алдын алууда деле болбогон дарыларга өзүбүздү "суугара" берген жайыбыз бар. Ал бекер эмес. Акча турат. Акча коромду-бул үй-бүлөнүн жакшы жашоосунун тартыштыгын жаратат. Экологиялык жактан таза эмес дарылар ден соолуктун бир жерине сөзсүз таасирин берет. Ал түрдүү химикаттардан турат эмеспи. Ошентип биз дарыларга гана көз карандылыкка кептелип, жарыбаган кирешебиздин 25-30%ызын дайымат "түбөлүктүү чыгымга" кетирип жатабыз. Аягы бүтсө дейбиз, бирок ал улам ары алып бара жатканына маани бербейбиз. Өлүмдүн жашарып кетиши деле кайсыл бир жактарда ушундай себептерде турат. Дүйнөнүн тени бүгүн ушундай элдик ыкмаларга, экологиялык таза дары чөптөргө, тамактанууда чөп-чарды колдонууга өтүп баратат. Бизде деле ошол. Бирок, бул багытта туура түшүндүрүү иштери тийиштүү мекеме тармактын негизги милдети катары деле каралган эмес. Чар жайыт. Элдик медицинанын күчүнө, табыпчылыкты, чөптөр менен дарылоого ишенип айыгып кеткенибиз менен мамлекеттик колдоо кылып ага маани деле берген жокпуз. Атасынан укканын, энесинен көргөнүн кылып, бирок жыйынтык берип жаткан учуру көп Элдик медицинаны эмнеге Өкмөттүк негизде өркүндөтүп, Салматтык сактоо, Билим берүү министрлиги алкагында, Илимдер Академиясы, Медицина Академиялары менен биргеликте, алардын алдында атайын Элдик медицинаны изилдөө жана ойлоп табуу институттарын ачып, окумуштууларды чыгаруу, адистешкен атайы билим берүүнү жолго койбойбуз? Медицина билимин алып жаткан окуу жайларда Гипократтын антынан кийинки эле милдет катары, Элдик медицина түшүнүгү бар экенине маани берилсе деле туура болчудай.
Себеби, кыргыз биринчи тез жардамды өзүнүн биринчи түшүнүгүнө, уккан-билген, көргөн элдик медицина түшүнүгү менен аракет көрүп, андан кийин доктурга кайрылган учуру көп болот. Ал учурда ак халатчан "алтын колдуулар" да алардын кандай ыкманы колдонуп, андан кийин алардын жаза турган даарыларынын таасири ага кандай абалда болоорунда түшүнүгү болсо да жакшы болот беле? Ушуну эске алганда, мүмкүн медицина тармагына кошумча "Элдик медицина түшүнүкторү" дегендей сабактарды милдеттүү түрдө окутуу зарылдыгы да бар. Албетте, Медицина өнүгүп туу чокуга жеткенде, тыянактар жемиштүү болуп, коомдук суроо-талап ага көз каранды болуп турганда, анын агымына 100%ыз каршы турууга болбойт.
Ошентсе да, коомдо өз жыйынтыгын берип, дегеле дарылоонун жыйынтыктары Элдик медицина да бар болуп жаткан соң, биз анын ордун кыйынчылык менен болсо да кайтарып, дүйнө медицинасынын бир бөлүгү катары өркүндөтүшүбүз зарыл. Туура жолго коюлса, өкмөттүк кирешенин булагы, адистешкен жумуш орун, кургатып, кайра иштетүүдө, айдап-себүүдөгү жалпы өлкөлүк кыймыл жана экспорттун бир бөлүгү болуп калмак. Биз өзүбүздөгү майнаптуу жыйынтыктар менен оболу Азияны, андан кийин Европаны жок дегенде ушул артыкчылыктарыбыз менен багынта алабыз? Эмне үчүн биз бирөөлөрдүн жазап берген биздеги касиети күч чөп-чар дарыларды Кытай, Пакистан, Индия, Турциядан алып ичишибиз керек. Андай чөптөр, ал турсун күчтүүлөрү бизде деле бар. Биз "турецкий", "египетский" экен дегенге көнүп алганбыз. Таңгагы тан калтырган кооздукка кызыгабыз. Биз аны жасай албайбызбы? Жасайбыз. Жасашыбыз керек. Бул өлкөгө инвестиция чакырууда кен байлыктарга келген инвестордон кем болбойт.
Күнболот Момоконов
Булак: NazarNews.kg