www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагынын башчысы Рустам Черикбаев баштаган айылдык кеңештин депутаттарын кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда аймакка тиешелүү орчундуу социалдык көйгөйлөр көтөрүлүп, анын ичинен бала бакча, мектеп, таза суу жана ички жолдорго байланышкан маселелер талкууланды.
Эл өкүлү айтылган суроо-талаптар боюнча тийиштүү министрликтер менен бирге иш алып барып, алардын чечилишин жеке көзөмөлүнө аларын белгиледи. Ошондой эле аймактарды өнүктүрүү үчүн Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү бийлик тыгыз иш жүргүзүшү керектигин айткан депутат Акылбек Түмөнбаев бул багыттагы бардык демилгелерди колдоого даяр экендигин да кошумчалады.