www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Иранга каршы жаңы санкциялардын пакетин бекитти. ЕБнин расмий журналында жарыяланган тизмеге ылайык, санкцияларга Ирандын ички иштер министри Эскандар Момени, башкы прокурор Мохаммад Мовахедид, полициянын башчысы Сейед Маджид Фейз Джафари жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) бир катар жетекчилери кирди.

Мындан тышкары, ЕБге мүчө өлкөлөрдүн министрлери КСИРди Евробиримдиктин террордук уюмдар тизмесине киргизүү боюнча саясий макулдашууга жетишти. Натыйжада КСИР «Ислам мамлекети» жана

«Аль-Каида» сыяктуу уюмдар менен бир катарга коюлду.

Айрым ЕБ өлкөлөрү, айрыкча Франция, буга чейин КСИРди террордук уюм катары таанууга каршы болуп келген. Бирок шаршемби күнү, 28-январда, Париж мындай чараны колдоого даяр экенин билдирди.

Последние новости