www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдөгү эң чоң тармак Ички иштер министрлигинде жанын оозуна тиштеп алып, күн-түн дебей элдин коопсуздугун көзөмөлгө алган мыкты милиция кызматкерлери басымдуу орунду ээлейт. Катары он миңден ашуун кызматкерди камтыган бул тармакта жүздөгөн ыймандуу, жоопкерчиликти сезген, кесибине сыймыктанган адамдар бар. Ошолор бар үчүн биз кам санабай, кайсыл убакта болбосун кенен-чонон көчөдө басып жүрөбүз. Албетте, ар качан тескери кебин жаадыргандар да жок эмес. Антсе да ак дилинен кызматын өтөгөндөр арбындыгынан бул ирилешкен тармак таркабай ишмердигин улантууда.
Учурда баары эле телегейи тегиз дегендин өзү натуура. Дале болсо кесибине салкын мамиле кылып, милициянын бетине көө жапкан абийири таза эместер кездеше калып жүрөт. Андай шек жараткан, намысын тебелегендердин далайы четке чыгарылды, кээ бирлери катуу жазасын алышты. Министрдин биринчи орун басары генерал майор Сүйүнбек Өмүрзаков чоң коллегияда өзүнүн айкын пикирин айтып, сунушун киргизген. —“Таза эмес кадрлардан тазалануу зарылдыгы келип чыкканын, алардын ордуна деңгээли жогору, астейдил кызмат кылууга ниетин бургандарды тартууну ортого салган. Ошондон кийин кыйла иштер активдешип артында калбыры барлардан кол жуушкан.
Эми ошолор өч алуу максатында коендой окшош, чындыкка дал келбеген маалыматтарды удургутуп жатышат. Азыр сайт, басылма дегендер чимейилдей жайнап кетти. Алардын баарында эле ачык принцип кармалбайт. Урду, соктуну “туу туткандары” да кездешет. Себеби, акыларын эки эселентип төлөп беришет. Анткени менен Сүйүн Өмүрзаковду жакындан билгендер иш билги, калыстыкты карманган, чыныгы профессионал генерал, жетекчи катары баалашат. Эгерде кимде-ким буга ынанбаса министрликте иштеген кызматкерлерден сурап натыйжасын билсе болот. Биз ушундай жылуу пикирлерге ортоктош болгондуктан эч тартынбай ойубузду ачыктап жатабыз. Демек, сын тагаардан мурда, же капталдан чыгып асылаарда фактыларды бышырып алып, ишке өткүлө демекчибиз. Болбосо уят болуп калышыңар кеп эмес. Элдик генералга чаң жукпайт, себеби ал дайыма иш ордун зымылдата тазалап турарын далай укканбыз.
Булак: "Ачык сөз"