www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев президент, Жогорку Соттун төрагасы жана Башкы прокурордон Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды үй камагына чыгарууну өтүндү.

"Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровго;

КРнын Жогорку Сотунун төрагасы З. К. Базарбековго;

КРнын Башкы Прокурору К.Т. Зулушевге!

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Замирбек Курамаевич!

Урматтуу Курманкул Токторалиевич!

Абакта ачкачылык жарыялагандар боюнча...

Сиздерге кайрылуубуздун себеби жакында (25-26.11.22) Баш мыйзамдын талабына жана Президенттин Жарлыгына ылайык уюштурулган Биринчи Элдик Курултайдын Резолюциясында “Чек ара маселеси боюнча камалгандардын ишин мыйзам чегинде адилет, кылдат карап чыгып, үй камагына чыгарып тергөөнү улантуу, күнөөсү жокторду бошотуу сунушталсын”,- деген делегаттардын өтүнүчүн дагы бир ирет Сиздердин эсиңиздерге салып, күндөн күнгө татаалдашып бараткан бул маселени чечүү зарылдыгын белгилейбиз. Абакта жаткандардын басымдуу көпчүлүгү ачкачылык жарыялап, аргасыз акыркы кадамдарга барышууда. Адам өмүрүнөн артык эч нерсе жок. Тирешүү, өчөшүү эч качан жакшылыкка алып барбайт. Коомдогу ар кандай татаал маселелерди сүйлөшүү, кепке келүү, тынчтык жол менен чечүүдөн башка аракеттердин баары алымсыз. Араздашууну токтотуп, ата-бабалардын айкөлдүк жолун карманалы.

Жогоруда аталган улуттук жыйындын Резолюциясынын дагы бир пунктунда: “Сөз эркиндиги биздин байлыгыбыз, ошол эле учурда сөз маданиятын сактоо да ыйык парзыбыз экендигин эстен чыгарбай, эркин ой айткандардын артынан саясий куугунтукту күчөтүүгө жол бербөөнүн”,- зарылдыгы да баса белгиленген эле.

Ошол эле мезгилде акыркы жылдары, өлкөдөгү түзүлгөн саясий-экономикалык кырдаалды өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдалангысы келип, оболу акча агымын жөнөтүп, анан Кыргызстанды каалашынча чайпалткысы келген сырткы күчтөрдүн оюндарынан жапа чегип келе жаткандыгыбызды да унутууга акыбыз жок.

Урматтуу абактагы ачкачылык жарыялаган мекендештер! Сиздердин ден соолугуңуздар баарынан кымбат. Аргасыз кадамдарга барып жатканыңыздарды түшүнүү менен, өз өмүрүңүздөргө коркунуч алып келген кооптуу кадамдан баш тартып, ачкачылыкты токтотууну суранабыз. Өз кезегинде КР мамлекеттик бийлик органдары да адам тагдырына кайдыгер карабай, мыйзам чегинде абактагылардын ар биринин иш аракетине калыс, адилет баа берип, жакынкы күндөрдө калыс чечим чыгарат деген ишенимдебиз.

Тараптарды сабырдуулукка, мунасага келүүгө чакыруу менен келе жаткан Жаңы жыл улуттук ынтымактын, биримдиктин, өнүгүүнүн жылы болсун деген изги тилектерди билдирем. Сиздерди урматтоо менен Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев", - деп жазылат кайрылууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости