www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдик уулду, эл баалайт

Элдик уулду эл баалайт - дегендей,  эл минтип өз уулун ушака алдырбайт. Бир канча күн мурун Араван районунун тургуну, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировдун эч кандай Араван эллине тийешеси жок. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Гапыр Нурбаев, Араван районунун Тоо Мойун айылынын аксакалдарынын атын жамынып,  Өмүрбек Бакировду жамандап, NazarNews.kg сайтына арыз менен кайрылганы кыжырды кайнатууда. Түшкө кирбеген жалган ушактарды жала жаап жаткан Гапыр Нурбаевге бир эле айыл эли эмес, бүткүл Өмүрбек Бакировдун санаалаштары, шайлоочулары, райондун жаштары абдан тынчсызданып, нараазы болуп, ачуусу келип жатканын кабарлашты.

Өмүрбек Бакиров 2015 – жылы парламенттик шайлоодо СДПК партиясынан катышып,абдан көп добуш алганын баарыбыз билебиз. Эмне үчүн эң көп добуш алганын жергиликтүү элдердин бары дана билишет. Өмүрбек Бакиров өз округуна да башка жерлерге да көп жакшылыктардын автору жана негиздөөчүлөрү болгон.  Оң колуң менен бергенди сол колуң билбесин дегендей, булл инсан көп мактана билбейт экен. Абройу өсүп жатканын билишип, аз убакта тизме менен депутат болооруна ичтери сыздашып, минтип уулубузду каралап жатат. Мыйзамдуу өлкөдө жашап, мыйзамдуу түрдө кадам салып, уулубуздун укугун коргоо үчүн Президентибизге кайрылдык.

Биздин кайрылуубуз төмөндөгү видеодо да терең чагылдырылган.

Аксакалдардын атын жамынып, арам ой менен ойлонгон Гапыр Нурбаев айласыз адам экенине ынандык. Мындай арам ойлор адамгерчиликте да саясатта да аброй алып келбейт.

Урматтуу коомчулук!

Эл уулу Өмүрбек Бакировдун патриот, ар намыстуу жана ыймандуу жигит экенин билдирип кеткибиз келет. Туура эмес маалыматтар болсо ишенбөөгө чакырабыз.

Сиздерди терең урматтоо менен Араван  элинин патриот жаштары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости