www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин таразасы калыс болот

Кара-Буура районунун Акими Баратбек Сыдыкназаровдун бул кызматка киришкенине бир жылдан ашты. Ошол кыска убакыт аралыгында Баратбек Сыдыкназаров өзүнүн иш билги, тажрыйбалуу жана мекенчил инсан экенин далилдеп райондун өнүгүшү үчүн, элдин турмушун жакшыртуу үчүн бир топ алгылыктуу иштерди аткарууга үлгүрдү.

Баратбек Жалалбекович, өзүнүн мыкты командасы менен Кара-Буура районунун өсүп-өнүгүүсү үчүн аткарган эмгегинин акыбети кайтып, облустук коллегиянын тандоосу менен Кара-Буура району мыкты район аталып, “Өтмө кызыл тууну” алып олтурат. Облус башчысы Марат Мураталиев Баратбек Сыдыкназаровго “Өтмө кызыл тууну” тапшырып жатып, мындан ары дагы өлкөбүз үчүн талыкпай эмгектенип, албан-албан ийгиликтерди жарата берүүнү тиледи.

Баратбек мырзанын башкаруусу алдында Кара-Буура районундагы орчундуу маселелер өз убагында чечилип, көйгөйлөр кескин түрдө кыскарып жоюлуп жатканы байкалууда. Анын үстүнө Баратбек Сыдыкназаров айыл чарба тармагында бир топ жылдан бери эмгектенип келаткан, тажрыйбасы мол инсан эмеспи. Өзүнө жүктөлгөн милдетти майын чыгарып так аткарган Баратбек Сыдыкназаровго карапайым калк дагы абдан ыраазы болууда. Негизи ушул мырзадай аракетчил, тажрыйбалуу инсандар көп болгондо өлкөбүз эбак эле өнүккөн мамлекетке айланмак. Кыска аралыкта Б. Сыдыкназаров опол-тоодой эмгек кылып, жакшы жетишкендиктерге жетишти, демек мындан ары да эл үчүн, мекен үчүн ак кызматын өтөп, райондун өнүгүшү үчүн чоң салым кошооруна ишенебиз. Анткени Баратбек мырза Кыргызстанга ак кызмат кылам деген мекенчил жаш жетекчилердин бири.

Райондун жетекчиси айыл өкмөт башчылары менен иштешүүдө жаңы идеяларды ойлоп таап, аларды мекенди сүйүп так жана таза иштөөгө болгон аракеттерин өркүндөтүүдө. Өзү баш болуп айыл-аймактарды кыдырып, колунан келишинче тыгыз байланышта болуп, элге жакын болууга аракетин көрүп келет. Бүгүнкү күндө кабинетинде креслосун кучактап олтурган шалаакы жетекчилер толтура, алардан айрымаланган Баратбек мырза ар-дайым эл камы менен алек.

Азыр заманбап технологиянын өнүккөн учуру эмеспи. Ошол техниканын өнүккөндүгүн да туура пайдаланган Баратбек мырзага бали десек жарашат. Ал атайын телефондон айыл өкмөт башчыларынын баарын кошуп вотсапп группа ачып, ошол жерден айыл өкмөт башчыларына тапшырмаларды берип жатыптыр. Бул колдоого татырлык демилге. Анткени ар-бир айыл өкмөткө тапшырма берүү үчүн аларды Райондук администрацияга чакыруу керек. Алар мамлекеттин эсебинен райондук администрацияга келип кетишчү. Ал эми иш билги Баратбек Сыдыкназаров бул аракети менен мамлекеттик бюджетти да сарамжалдуу пайдаланып жатат десек туура болот. Аларды районго убара кылбай эле, вотсапп группа аркылуу тапшырмаларды берүү менен. Элим-жерим деген инсан Баратбек мырзадай болуш керек. Мамлекеттин акчасын ойду-келди сарптабай, элдин кызыкчылыгы үчүн туура пайдаланып жатканына алкыш гана айтабыз.

Т. Бейшенбеков

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости