www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кушал Кумар – белгилүү индиялык астролог, ал өзүнүн божомолдорун планеталардын аспекттерин талдоонун негизинде түзөт. Экономикалык кризистер, табигый кырсыктар жана аскердик кагылышуулар – анын божомолдору көбүнчө глобалдык окуяларга байланыштуу. Планеталардын кыймылын кылдат изилдөө жана интерпретацияларынын тактыгы менен ал азыркы доордун эң кадыр-барктуу астрологдорунун бири болуп эсептелет.

Кумардын айтымында, 2023-жылдын аягынан 2025-жылдын аягына чейин өтө чыңалган жана коркунучтуу мезгил болот. Анын божомолуна ылайык, Үчүнчү дүйнөлүк согуш 2025-жылдын 4 же 5-августунда башталышы мүмкүн. Астрологдун пикиринде, ошол учурда дүйнөдө ири куралдуу кагылышуу чыгуу коркунучу жогору. Ал өзүнүн божомолдорун астрологиялык факторлор, айрыкча планеталардын орун алмашуусу менен байланыштырат. Анын айтымында, бул асман телолорунун кыймылы дүйнөлүк саясий аренада олуттуу өзгөрүүлөрдү жаратышы мүмкүн.

Астролог белгилегендей, бул конфликтке дүйнөнүн алдыңкы державалары катышышы мүмкүн, анткени алардын кызыкчылыктары геосаясий жана экономикалык келишпестиктердин негизинде кагылышат. Кумар Орусия менен Кытайдын Аляска жээгиндеги аскердик машыгуулары, Румыниядагы маселелер, Кубадагы машыгуулар жана, албетте, Израилдин тегерегиндеги чыңалуунун күчөшү тууралуу эскертет. Айрыкча, Азия регионундагы чыңалуунун өсүшү глобалдык кырдаалды курчутуп, чоң алааматтын башаты болушу мүмкүн.

Астрологдун айткандарынын экинчи тарабына токтолсок:

Бул маалыматка ылайык, белгилүү индиялык астролог Кушал Кумар 3-дүйнөлүк согуш 4 же 5-августта башталышы мүмкүн деп божомолдогон. Ал буга чейин Израиль менен ХАМАСтын, ошондой эле Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштарды алдын ала айтканын билдиришет.
Бирок Кумар буга чейин дагы 3-дүйнөлүк согуштун башталышын бир нече жолу алдын ала айтып, бирок анын болжолдорунун бири да ишке ашкан эмес. Мисалы, ал 18-июнь 2024-жылы согуш башталат деп айткан, бирок бул күн эч кандай окуясыз өткөн. Андан кийин 26 же 28-июлда башталат деген божомол да туура эмес чыккан.

Башкача айтканда, анын айткандары азырынча ишенимдүү далилдене элек жана мындай маалыматтарга этияттык менен мамиле кылуу зарыл.

Последние новости