www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия менен Түркиянын көз караштары таптакыр бирдей, эки өлкө тең биргелешкен ишти бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу менен куруу керек деп эсептешет. Бул тууралуу Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко билдирди.
Матвиенко 26-27-февралда расмий сапар менен Түркияда жүрөт, деп мурдараак Федерация Кеңешинин басма сөз кызматы маалымдаган.
"Бул жаатта бизде көз караштар толук дал келет: эң негизгиси – өз ара пайда, өз ара сый-урмат жана кызыкчылыктардын тең салмактуулугун эске алуу менен иш алып баруу. Улуттук кызыкчылыктарды эске алганда гана бизде ийгилик болот", – деди Матвиенко Түркия парламентинин төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушуудан кийин.