www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ күнү белгилүү болгондой, президент кол койгон жарлыкка ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар жана «үй-бүлөгө көмөк» деген мамлекеттик жөлөк пул алгандар, эгер айына 700 киловатт-сааттан ашык пайдаланбаса, 1-январдан тартып бир киловатт-саат энергия үчүн азыркыдай 77 тыйын эмес, 50 тыйындан төлөй баштайт.
Эгер ошондой адамдар мүмкүн болушунча көп – айына 700 киловатт-саат пайдаланса, азыр 540 сом төлөйт, 1-январдан тарта 350 сомдон төлөй баштайт. Айырмасы – 200 сомдун тегерегинде. Эки жүз сом деле акча дечи, бирок бардык радио жана телеканалдар аркылуу ал тууралуу мактана тургандай акча эмес.
«Үй-бүлөгө көмөк» деген мамлекеттик жөлөк пулду бардыгы болуп өлкөдө 350 миңге жакын адам, же калктын 5 пайызы алат экен, ал көмөктүн өлчөмү – болгону 810 сом. Ошондо эки жеңилдик биригип, бир миң сомго араң жетет. Жардыларга жардам берип жатабыз деп мактана тургандай деле эмес ко.