www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура “Электр станциялары” ишканасына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн башкы көзөмөл мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта 2016-жылы ишкана Күрпсай ГЭСинин жабдыктарын оңдоп-жаңылоого сынак жарыялаганы, анын натыйжасында мамлекетке 1 миллион 775 миң сомдук зыян келтирген чечим кабыл алынганы айтылат. Бул үчүн “Электр станцияларынын” жетекчисинин ошол кездеги биринчи орун басары Бердибек Боркоев шектелүүдө.

Кылмыш кодексинин “Ачык соода-сатык, аукцион же тендер өткөрүүнүн тартибин бузуу” жана “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы” беренелеринин негизинде козголду.

Бердибек Боркоев буга чейин Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбооруна байланыштуу камалган. Ага жана дагы бир нече кызматкерге карата "Шалаакылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости