www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Электр станциялары» ААКнын башкы директору болуп Мамыралиев Улугбек Таалайбекович дайындалды.
Тиешелүү чечим компаниянын Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынды.
Мамыралиев Улугбек Таалайбекович энергетика тармагында 20 жылдан ашуун эмгек тажрыйбасына ээ. Ал өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө өндүрүштүк жана инвестициялык процесстерди башкаруу боюнча олуттуу тажрыйба топтоп, бир катар өндүрүштүк-техникалык бөлүмдөрдү жетектеген.
Ошондой эле ал өлкөнүн энергетика тармагындагы стратегиялык мааниге ээ ири долбоорлорду ишке ашырууга катышып, Токтогул ГЭСин жана Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштерин ийгиликтүү жетектеген.
Билими
Мамыралиев Улугбек Таалайбекович эки жогорку билимге ээ.
2001–2006-жылдары И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Энергетика факультетин «Электр станциялары» адистиги боюнча аяктаган.
2012–2014-жылдары ошол эле окуу жайдын Башкаруу жана бизнес институтун «Менеджмент» адистиги