www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-июлда Кыргыз-Өзбек бизнес-форумуна даярдык көрүүнүн алкагында Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев Өзбекстандын айыл чарба министринин орун басары Кахрамон Юлдашев жетектеген делегация менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкөнүн агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыгы талкууланып, өсүмдүк өстүрүү, күрүччүлүк, үрөнчүлүк жана картошка чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар сорт сыноо, селекциялык материалдар менен алмашуу жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча кызматташууну улантууга макулдашты. Ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн беденин үрөнүн жана сертификатталган үрөндүк картошканы Өзбекстанга жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралды.
Мындан сырткары, фитосанитардык коопсуздук, чек ара аймактарында чегирткеге каршы биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди үзгүлтүксүз жеткирүү маселелери да талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар агрардык тармактагы кызматташтыкты дагы да бекемдеп, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин ырасташты.