www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору ата-энелерди ысык аба ырайында балдарды токтотулган унаанын ичинде калтырбоого чакырды.
Адистердин айтымында, күндүн ысыгында токтоп турган унаанын ичи бир нече мүнөттүн ичинде эле өтө жогорку температурага чейин ысып, баланын өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн.
Борбор белгилегендей, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) чоңдор канча убакытка кетерине карабастан, баланы токтотулган унаада эч качан жалгыз калтырбоону сунуштайт.
Дарыгерлердин маалыматына ылайык, баланын организми жогорку температурага өтө сезимтал келет. Ашыкча ысып кетүү дененин алсырашына жана ысык урууга алып келип, шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылган оор абалды жаратышы мүмкүн.
Ошондой эле медиктер унаанын терезелери ачык болсо да баланы анын ичинде жалгыз калтырууга болбой турганын эскертишти.
Ысык күндөрү адистер төмөнкү кеңештерди беришет:
Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору чоңдор үчүн анча маанилүү көрүнгөн бир нече мүнөттүн өзү ысып кеткен унаанын ичинде бала үчүн өмүргө коркунуч жаратышы мүмкүн экенин дагы бир жолу эскертти.