www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жамаатына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин жаңы дайындалган орун басары Сейтек Жумакадыр уулу тааныштырылды.

Тааныштыруу учурунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип Сейтек Жумакадыр уулунун тажрыйбасы, билими жана кесиптик дарамети Министрликтин тышкы саясий багытты ишке ашыруу боюнча ишине олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жаңы дайындалган орун басарга жооптуу кызматында ийгиликтерди, үзүрлүү эмгекти жана көзөмөлдөгөн багыт боюнча коюлган бардык милдеттерди натыйжалуу аткарууну каалады.

Маалымат үчүн: Сейтек Жумакадыр уулу 1988-жылдын 21-майында Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин (чет тилдер факультети), ошондой эле Экономика жана бизнес институтунун магистратурасын аяктаган.

Сейтек Жумакадыр уулу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин системасында 2011-жылдан бери эмгектенип, стажерлуктан тартып Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директоруна чейинки эмгек жолун басып өткөн (бул кызматты 2024-жылдын октябрь айынан бери аркалап келет). Ал Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи дипломатиялык рангынын ээси болуп саналат, англис, кытай жана түрк тилдерин билет.

2026-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Касымалиевдин тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.

Последние новости