www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан “Ошэлектр” ААКнун жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышып, бул аракеттерден улам 134 млн 404 миң 877,09 сомдук зыян келтирген факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кылмышка шектүү катары “Ошэлектр” ААКнын ички көзөмөл секторунун тескөөчүсү К.М.А. жана Өзгөн РЭТ ишканасынын башкы инженери Г.М.М. кармалышып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Эске салсак, буга чейин аталган кылмыш ишине шектүү катары “Ошэлектр” ААКнун мурдагы жетекчиси Д.Д.И. жана Ноокат РЭТ ишканасынын мурдагы жетекчиси А.И. кармалышкан.

Азыркы тапта, кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости